Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:34

Мамлекеттик кызматкерлерге жаңы жылдык корпоратив өткөрүүгө тыюу салынды


Адылбек Касымалиев.
Адылбек Касымалиев.

Министрлер кабинети мамлекеттик кызматкерлерге жаңы жылдык корпоративдик иш-чараларды өткөрүүгө жана жетекчилердин кол алдындагы кызматкерлерден белек алуусуна тыюу салды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 16-декабрда “Ынтымак ордодо” өткөн жыйында билдирди.

Мындай тыюуну айрым жетекчилер туура эмес түшүнүп, балдарга арналган иш-чаралардын өтүшүнө каршы чыгып жатканын белгиледи.

“Бирок айрым жетекчилер бул чектөөнү туура эмес түшүнүп, балдарга арналган жаңы жылдык иш-чараларды да өткөрбөгүлө деп жатышыптыр. Белгилей кетейин, жаңы жылдык корпоративдерге коюлган чектөө мамлекеттик органдарга гана тиешелүү. Ал эми балдардын жаңы жылдык майрамдарын чектөөгө болбойт. Жаңы жыл – балдар жылдап күтүп келген өзгөчө майрам. Аларды бул кубанычтан ажыратпагыла”, - деди Касымалиев.

Ноябрь айында Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлерине жаңы жылдык иш-чараны өткөрүүгө тыюу салынганы белгилүү болгон.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG